Пара алып жаткан жеринен Октябрь РИИБдин кызматкери кармалды (сүрөт)

УКМКнын кызматкерлери тарабынан Октябрь РИИБдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери жарандарга карата акча уурдады деген жасалма арыз даярдаткан. Милиция кызматкери моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп, ыкчам комбинацияларды колдонуп, кылмыш ишин токтотуу үчүн 80 миң сом талап кылган. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

4-ноябрда ИИМдин Криминалдык милиция кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылынын аймагында пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Октябрь районунун Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары милициянын майору кармалды.

Кармалган жарандын унаасын тинтүү учурунда, ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5600 доллар жана белгисиз жарандардын бир нече паспорттору табылган. Кармалган жаран Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.