Пара алып жаткан жеринен Талас ОИИБдин тергөөчүсү кармалды

Талас ОИИБдин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти .

Аталган тергөөчү Кыргыз жаранынан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталды. 7-декабрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Талас ОИИБдин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны кармалды. Кармалган жаран  УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.