Пара алууга шектелип Эсептөө палатасынын инспектору кармалды
Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-февралда пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору кармалган.
“Эсептөө палатасынын инспектору Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылынын биринин башчысынан 60 миң сом акча каражатын алган”, - деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/02/img-20210216-wa0004-624x720.jpg" alt="" width="624" height="720" />