Пара талап кылуу фактысы боюнча милиция кызматкерлери кармалды

УКМК ИИМ түзүмдүк бөлүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, министрликтин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ушул жылдын 4-февралында Каракол шаардык ИИБ кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Такталгандай, Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын капитаны сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча каражатын талап кылышкан. Иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде Кылмыш-Жаза кодексини 343-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча Каракол шаардык ИИБ тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери кармалып Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Түп ИИБ тергөө камак жайына киргизилишти. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.