Пара талап кылууга шектелип Аламүдүн РИИБдин тергөөчүлөрү кармалды (видео)

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

13-ноябрда УКМК тарабынан Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Аламүдүн РИББдин тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды.

Тергөөчүлөр жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. 10-ноябрда эки тергөөчү Бишкек шаарындагы банктардын биринен жарандын банк картасы аркылуу 70 миң сом алышып, 12-ноябрда тергөөчү ага карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралар уланууда.