Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча соттук отурум болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө адвокат Замир Жоошев экс-депутат Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрадан өтүнүч келтирди. Адвокат анын депутаттыкка талапкер катары катталганын, аны жоопко тартууга мүмкүн эместигин түшүндүрдү.
Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып бараткан судья Азирет Медеров чечимди окуду. Ага ылайык адвокаттын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Ал Равшан Жээнбеков 2019-жылы, башкача айтканда, депутаттыкка талапкер боло электе кармалганын билдирген. Кошумчалай кетсек, сот буга чейин Равшан Жээнбековго чет өлкөгө дарыланууга уруксат берген эмес. Азирет Медеров белгилегендей, сотко айыпталуучунун олуттуу оору менен ооруп жатканы тууралуу документтер берилген эмес.