Жалал-Абад облусу боюнча «Кыргызпочтасынын» байланыш бөлүмүнүн жетекчиси акча каражаттарын системалуу түрдө ыйгарып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «Кыргызпочтасы» ААКтын кызматкерлери тарабынан алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөк пул жана эмгек акыларын төлөөгө арналган акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, «Кыргыз почтасынын» «Таштак» байланыш бөлүмүнүн башчысы Сузак районунун тургуну менен тил табышып, ишенип берилген 10 миллион 700 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алып, короткону аныкталган.
17-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен экөө кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.