«Перехват» планы жарыяланып, кармалган «Женго» каймана аттуу кримтөбөл акталды
«Женго» каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досонов акталды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.
"Жазык Кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгү (жерди мыйзамсыз басып алуу) менен айыпталган Кадыр Досонов Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы токтомунун негизинде, айыпталуучунун жактоочусунун өтүнүчү канааттандырылып, айыпталган бөлүгү кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылды.
Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы өкүмүнүн негизинде Жазык Кодексинин 215-беренеси (кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу) боюнча айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Өкүмгө нааразы тарап 30 күндүн ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу", - деп айтылат соттун маалыматында.
11-февралда УКМК тарабынан Кадыр Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар делип кармалган. Буга чейин ага 2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарып, издөө жарыяланган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/jengo-degen-kaimana-attuu-krimtobol-izdoogo-jaryyalandy/">жарыяланган. Кармалып, кийин үй камагына чыгарылган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/perehvat-plany-jaryyalanyp-karmalgan-jengo-kaimana-atuu-krimtobol-yi-kamagyna-chykty/">чыгарылган болчу.