«Пескоблок өндүрүү үчүн жабдууларды алып киришкен». Лейлек районуна мыйзамсыз кирген 3 жаран кармалды

Пескоблок чыгаруучу жабдыктардын контрабандалык жолуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

8-апрелде Лейлек районунда коңшу мамлекетте катталган эки КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган. Бул жүк ташуучу унаалардын ээлери коңшу республиканын жарандары пескоблок өндүрүү үчүн жабдууларды мыйзамсыз алып өтүү максатында, Кыргыз Республикасынын аймагына белгиленген өткөрүү пункттарынан тышкаркы жерден кирип кетишкен.

Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөө иш-аракеттеринен кийин кармалган жарандар Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул фактылык жагдайларга жана контрабандага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.