Петровкадагы №8 түзөтүү мекемесине гашиш өткөрүүгө аракет кылгандар аныкталды

Кечээ, 3-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан тыюу салынган буюмдарды колонияга киргизүү аракети токтотулду. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин кызматкерлери тарабынан баштыкка оролгон салмагы 680 граммды түзгөн 2 таңгак кочкул жашыл түстөгү зат (болжолдуу түрдө гашиш) аныкталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, Топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берилди.