Пипи каймана аты менен таанымал болгон Камчы Көлбаевдин классташы кармалды. Бул тууралу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган адам маркум кримтөбөлдүн тапшырмаларын аткарып, 2007-2008-жылы Таластын “положенеци” болгон. Пипи 22-майда колго түшүп, уюшкан кылмыштуу топтон толук чыкканын, мындан ары мыйзам бузбай турганын убадалады.










