УКМК Жогорку окуу жайларындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) окуу ишмердигинде аныкталган коррупциялык схема фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү аяктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, ЖОЖдун окутуучуларына карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде айып тагылып, 2 окутуучу ээлеген кызматынан бошотулган. 14 окутуучу жана жогорку окуу жайдын жооптуу кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылып, 153 студент окуудан чыгарылды. Алардын 112си КМШ жарандары болуп саналат.
Учурда кылмыш ишинин материалдары сот органдарына жөнөтүлдү.