Милиция тарабынан унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен жигиттин аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Буга чейин соцтармакта жигиттин унаага чыгып, алдыңкы айнегин сындыра тепкен видеосу тараган. Факты ОИИБге каттоого алынып, аталган окуяга 1999 жана 2004-жылы туулган жигиттердин катыштыгы бар экени аныкталды. Алар сурак учурунда пранк экенин айтышкан. Жигиттер кылыгы үчүн кечирим сурашты.