Президент Садыр Жапаровдун кортежи кабылган кырсык боюнча шектүү эки айга камакка алынды. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты. Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы кечээ, 8-сентябрда каралган.
«Биринчи Май райондук сотунун 8-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчүгө карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалды. Ал 6-ноябрга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө изоляторунда болот», — деп айтылат маалыматта.
4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тушунда Садыр Жапаровдун кортежиндеги жол тандабас жеңил унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен президенттин дарыгери каза болгон.