Бишкек шаардык соту адвокаттын доо арызынын негизинде президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын карады. Сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ал 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
9-июнда Данияр Нарымбаев УКМК тарабынан кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган. Ошол күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.











