Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчисинде кош жарандуулук аныкталды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчисинде кош жарандуулук аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК мамлекет башчысынын бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүү тапшырмасынын алкагында УКМКга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Алихан Ураимовдун Кыргызстандын жана Орусиянын кош жарандуулугу бар экендиги боюнча маалымат түшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ураимов 2021-жылдын 11-январында Орусиянын жарандыгынан чыгууга уруксат берилгендиги тууралуу Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун маалымкатынын көчүрмөсүн берүүгө аргасыз болгон. 2018-жылдын апрель айында ага президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Коргоо жана укук тартиби башкармалыгынын кызматкери болуп турганда мамлекеттик сырды билүүгө уруксат берилген, ал учурда шектүү өзүнүн жеке маалыматтарында Орусиянын экинчи жарандыгы бар экенин жашырган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине ылайык, мамлекеттик сырды билүүдөн баш тартуу жана токтотуу үчүн кош жарандуулуктун же башка жарандыктын болушу негиз болуп саналат. Ушул жылдын 26-апрелинде УКМК тарабынан мамлекеттик сырды билүү мүмкүнчүлүгү андан чакыртып алынган, бул тууралуу кийин ээлеген кызматынан бошотуу үчүн Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө билдирүү жөнөтүлгөн. Ошону менен бирге УКМК “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматта боло албайт деп эскертет. Чет мамлекеттин жарандыгынын фактысын жашыруу анын андан аркы кызматын токтотуу үчүн негиз болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.