Президенттин жардамчысынан опузалап 300 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Президенттин жардамчысынан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин экс-директору тарабынан 300 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы ачык мисал боло алат. Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында шектүү шантаж жана массалык маалымат каражаттарында провокациялык мүнөздөгү материалдарды таратам деп коркутуу жолу менен ал мамлекет башчысынын жардамчысынан 300 миң доллар өлчөмүндө акча талап кыла баштаган.
6-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, шектүү жогорудагы жагдайлар боюнча талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алып жатып пара менен кармалган. Кармалган жаран камакка алынды», — дешти.