Айыл өкмөттүн имаратын басып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү болжол менен саат 06:48 чамасында Чүй облустук милицияга Пригородное айыл өкмөтүндө бир нече жаран нааразычылык акциясын өткөрүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
«Такталгандай, ошол эле күнү болжол менен саат 06:00 чамасында аталган аймактын айыл өкмөтүнүн имаратына 9-10 аял келип өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп, мекеменин ичинен бекитип алышкан. Алардын негизги талабы өздөрү алган насыя маселесин чечүү болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 208-берене (имараттарды жана курулуштарды өзү билип басып алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө аталган имараттын айланасы жарандардын коопсуздугу үчүн курчоого алынган. Саат 15:00 чамасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин аялдар аталган имаратты бошотушту. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде бардык зарыл болгон тергөө оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки процесстер уланууда.