«Аудиттик текшерүүдө, 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, ошондой эле атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча каражаты ашыкча төлөнүп берилгендиги аныкталган. Мындан тышкары, тендердик сатып алууда, электр энергиясы үчүн төлөөдө “Манас Ордо” комплексинин муктаждыктары үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууда жана президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдаланышкан. Натыйжада, «Манас Ордо» комплексинин жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 20 миллион 659 миң 300 сом акча каражаты негизсиз чыгымдалган факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
ТИМ: «Тибеттеги жер титирөөдөн каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок»
Тибетте жер титирөө катталып, акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 95 адамга жетти. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып,...