Путиндин сүрөтү менен пикетке чыккан жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, кийин коё берилди

Бүгүн, 14-мартта Өкмөт үйү менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Владимир Путинди колдоо иретинде Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров пикетке чыкты. Анын «биз сиз менен» деген жазуусу бар Орусия президентинин сүрөтү менен атчан жүргөн видеосу соцтармактарга тарады.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ат минген Абдылда Капаров милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция кызматкерлери тарабынан ага карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйүнө коё берилди.