«Радуга» пансионатынын пляжында мушташуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-июнда «Радуга» пансионатынын пляжында болгон мушташ фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Милицияга «Радуга» пансионатынын пляжында мушташкан боюнча 18 адам жеткирилген. Алгачкы тергөө малдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түз тиешеси бар экендиги аныкталды, анын ичинен 3өө эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын 8 кызматкери.
Тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы жаран Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мушташтын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат.









