Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы мүлкүн мамлекетке конфискация кылуу менен 8 жылга абакка кести. Ал 3 жыл мамлекеттик кызматка иштей албайт. Өкүм кечээ, 5-февралда чыккан. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Кутмановага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси “Кызмат абалын кыянаттык менене пайдалануу” менен күнөөлүү тагылса, анын уулу Кемелбек Кутманов “алдамчылык” беренеси менен айып тагылып, ал да 8 жылга соттолду. Мүлкү мамлекетке алынды.
УКМК 2023-жылдын 25-июлунда Динара Кутманованы министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларга шектелип кармалганын кабарлаган. Ал эми анын уулу Кемелбек Кутманов аталган министрлик менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгенин билдирген.











