Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эки айга камакка алынды. Мындай чечим анын бөгөт чарасы каралган Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан бүгүн, 20-февралда кабыл алынды.
Райымбек Матраимов 18-февралда УКМК тарабынан кармалып, анда кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча шектелип жатканы маалымдалган.