Саясатчы Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон «Эдельвейс-Тур» эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 миллион 871 миң сомду түзөт.
Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган.
Бизде,Кыргызстанда жеп кетти,озунун атына мамлекеттен откоруп алды дегендер бет барбы?Намыссыздар,уятсыздар,тойбогурлар КУРАН окуйсунарбы?
Динден кабарынар барбы?АЛЛАХЫМДАН коркосунарбы?Ойлоносунарбы деги???
Окуп,коруп отуруп адам уяласын,мамлекетке отту десе канчалык суйунобуз.Оздору уялат бекен деген тан калычтуу суроону берем .Комментарий жашыруун калат дейт дагы,ачык эле чыгарып коё бергиле,кимден коркмок элек