«Асыл-Таш» пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында болжолдуу баасы 1 миллиард сомдон ашык имараттары жана курулмалары бар “Асыл-Таш” мүлктүк комплекси, ошондой эле 13,33 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
«Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп турганда 2002-жылы Маммүлкком фонду тарабынан 13,33 га участокту жана «Асыл-Таш» пансионатынын мүлктүк комплексин аффилирленген жактардын пайдасына 12 миллион 703 миң сомго төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатуу үчүн буйрук чыгаргандыгы аныкталган. Ошол эле учурда аталган комплекс Равшан Жээнбековдун жакын адамдарына таандык болгон. Ошону менен бирге, УКМК тарабынан учурда «Асыл-Таш» пансионатына жанаша жайгашкан жана мурда анын балансында турган, жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген башка жер участокторун мамлекеттин пайдасына кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
«Асыл-Таш» пансионатынын ээси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы, учурда «Кемпир-Абад» кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков болгон», — деп айтылат маалыматта.