Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 24-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
25-майда Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын кармалганы айтылган. Анын жактоочусу Разак Ашымбаев Алимбаева коррупция беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.