Орусиянын полиция кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен бирге 24 жаштагы кыргыз кызга бычак сайган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кармалган адам — 23 жаштагы Кыргыз жараны. Ал полиция бөлүмүнө жеткирилгенде күнөөсүн мойнуна алып, бул кылмышка кызганычтан улам барганын билдирген.
Учурда керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, 2-февралда Москва облусунун Красногорск шаардык округунда болжол менен саат 15:00 чамасында шектүү 24 жаштагы кызга белгисиз буюм менен кол салган. Жабырлануучу дагы Кыргыз жараны жана учурда ооруканада дарыланууда. Анын абалы туруктуу.
Аталган окуя боюнча Орусиянын Жазык кодексинин 111-беренесинин (ден соолукка атайлап зыян келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду.