Бүгүн, 14-мартта саат 15:50 чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыкка кабылып, толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун сол жак тарабына аласалып кеткен.
«Жол кырсыгынын натыйжасында унаа толугу менен күйүп, айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган. Азыркы учурда окуя болгон жерде жол тескөөчүлөрү жана тийиштүү кызматтар иш алып барууда», — деп жазылат маалыматта.
16-июнь күнү социалдык тармагында мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталган....
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма чет өлкөлүк валютаны сатуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Ички иштер министрлигинин ыкчам...