«Сабакты калтырчу эмес». Кадамжайда киши колдуу болгон кыздын мугалиминин маалыматы

Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыз №51 Нишанбай Ирисов атындагы мектептин 9-классынын окуучусу болчу. Бул тууралуу журналисттерге анын класс жетекчиси билдирди.

«Бир жылдан бери классты жетектеп келе жатам. Жакшы кыз болчу. Сабактагы баалары аралаш болчу, бирок сабакты калтырчу эмес. Сабакты калтырса эле, мектепте техникалык кызматкер болуп иштеген таенеси менен байланышчумун. Кыз жөнүндө жаман айта албайм. Сабакка 1-2-сентябрь күндөрү келген»,- деди ал.