Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда дарыгер сабалгандыгы тууралуу маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Улуттук госпиталда мушташ чыккандыгы тууралуу маалымат милицияга бүгүн, 20-апрелде саат 8:35те түшүп, ыкчам тергөө тобу барган. Аларга дарыгер Болот Таиров арыз менен кайрылган. Өзүнүн айтымында, болжол менен саат 8:30 чамасында жарандардын бири кабыл алуу бөлүмүнүн эшигин талкалап кирип, башына урган. Аталган факты майда бейбаштык беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.