SuperTV телеканалынын сабалган кабарчысы: «Муну өлтүрүп эле салгыла дешти»

26-октябрда Бишкектин Некрасов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде SuperTV’нын кабарчысы Бактурсун Жоробеков 4 белгисиз жаран тарабынан сабалган. Бул иш журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышы барбы, жокпу, азырынча белгисиз.

«27-октябрга караган түнү тишим ооруп, дарыканага дары алганы чыккам. Астымдан балдар чыкты. Алар менден тамеки сурашты. Мен чекпей турганымды айттым. «Таап алсак, эмне кыласың» дегенде, «эмне кыла аласың» дедим. «Бирди көрөсүң азыр» деп жакамдан кармап, согуп, телефонумду жулуп алды. Экинчиси капчыгымды жулду. Ичинде журналисттик күбөлүк бар болчу. «Аа, сен SuperTV’да иштейсиңби, журналистсиңби» деп, капчыктагы акчаларды алган соң «муну өлтүрүп эле салгыла, сасыйт» дешти. Сабаган соң, өздөрүнчө видеого тартып алалы деп сүйлөшүштү. Алар айткан сөздөрдү мен сүйлөп бердим. Эмне деп айтканым эсте жок. Мен сүйлөгөн сайып тээп жатышты», — деди ал.