Ноокендеги адам өлтүрүүгө шектелген жаран ырайымсыз мамилеге туш болгонун айтты

15-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборго маалымат түшкөн. Анда Ноокен РИИБде кармалган жаран ырайымсыз мамилеге туш болгону айтылган. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Борбордун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү Ноокен РИИБге барып, жаран менен жолуккан. «Анын бетинде жана денесинде токмоктон калган тактар бар болчу. Шектүү убактылуу кармоочу жайга 10-ноябрда түшкөн. Ал сурак учурунда адам өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал башка дагы кылмыштарды мойнуна алышы үчүн 2 күн токмоктолуп, дубинка менен зордукталганын жана 12-ноябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айтты. Борбордун кызматкерлери жарандын тактарын сүрөткө тартып, арыз кабыл алышкан. Анын денесиндеги зомбулуктун издери боюнча медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн, Стамбул протоколун толтуруу үчүн Тез жардам чакыртылган. Бирок ошол маалда өлтүрүлгөн кыздын жакындары келип, борбордун кызматкерлеринен ишин токтотууну агрессивдүү талап кылып, коркутуулар болгон. Жеке коопсуздук маселелеринен улам кызматкерлер жана дарыгерлер убактылуу кармоочу жайдан чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Улуттук борбор киши колдуу болгон кыздын үй-бүлөсүн адаштырып, аларга борбордун максаттары жана иши тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар берилип жатканын болжолдоодо. Маркумдун жакындарынын эмоционалдык абалын манипуляциялоо жана тукуруп салуу жол берилгис жана кылмыш болуп саналат», — деп айтылат маалыматта. 

Айтылган убактылуу кармоочу жайга Улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков барган. Бирок жетекчинин ишине кызматкерлер тоскоолдук жараткан. Тактап айтканда, арыз ээси менен жолуктурбай коюшкан. Учурда шектүүгө медициналык жардам көрсөтүлбөй келет. Аталган факты боюнча иштер жүрүп жатат.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абад ОИИБге кайрылганыбызда окуя боюнча маалымат берилерин айтышты.