Президенттик кортеждин кырсыгынан 1 жан сакчы каза болду

Бүгүн, 4-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна барган сапарында аны коштоп жүргөн унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ананьево айылынын тушунда болгон. Анда өлкө башчыны коштоп жүргөн унааны каршы тилкеде келе жаткан жеңил унаа сүзгөн. Алдын ала айтылган маалыматка караганда, айдоочу мас абалында болгон.

Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаса, УКМКнын 9-кызматынын кызматкери каза болду.