Саламаттыкты сактоо министри коррупцияга шектелип кармалды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте президенттин “Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурушкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан бекер гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келип түшүп, ошондой эле,президент Кытай жана Орусиянын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошумча 6 миллион дозадан ашык вакциналарды акысыз гуманитардык жардам иретинде бериле тургандыгын макулдашылгандыгына карабастан, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компанияларынан 1 миллиард 581 миллион 474 миң 315 сомдук 2 миллион 460 миң доза вакцинасын негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болду.

Натыйжада, көрсөтүлгөн мамлекеттерден гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 миллион 147 миң 640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 миллион 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө. Натыйжада мамлекетке 1 миллиард 581 миллион 474 миң 315 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 коррупциялык кылмыш иштери тергелүүдө.