Министрдин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов үй камагына чыкты

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

3-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков COVID-19га каршы вакциналарды сатып алууда коррупцияга жол берген деген шек менен кармалышкан. 4-июнда ал кызматынан бошотулган