Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
23-майда Cалык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран кармалган. Кармалган жаран кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында салык кызматкерине 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.











