Санкт-Петербургда кыргызстандык айдоочу зордуктоого шектелип жатат

Санкт-Петербургдун Выборгск районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери зордуктоого шектелген 49 жаштагы Кыргызстандын жаранын кармашты. Арызды Кудровонун 44 жаштагы тургуну жазган. Бул тууралуу fontanka.ru сайты жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, 27-октябрда жүк ташуучу компаниялардын биринин айдоочусу кабинада жалгыз калган жүргүнчүнү «Лесная» метросунун артындагы гараждарга алып барган. Ал эшиктерди жаап, аялга карата сексуалдык зомбулук жасаган.

«Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Бир нече сааттан кийин кармалган адамдын дагы бир курмандыгы — Санкт-Петербургдан келген 17 жаштагы кыз табылган. Ага 16-октябрда ошол эле гараждын артында кол салуу болгон. Ал арыз кабыл алып, кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат», — деп белгилейт fontanka.ru.