Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды атып кетишти

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды травматикалык тапанча менен атып кетишти. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кечээ, 13-февралда кыргызстандык жарандан полицияга чалуу болуп, Торжковская көчөсүндө мекендешин атып кеткенин айткан. Жерине барган кызматкерлер мейманкананын алдынан чала таанышы атып кеткен жаранды аныкташкан. 46 жаштагы жаран ооруканага жеткирилген. Тийиштүү жардам көрсөтүлгөн соң, үйүндө дарыланууга жөнөтүшкөн.

Ал эми ок чыгарган жаран Мерседес Спринтер унаасы менен качып кеткен. Унаа бир нече чакырымдан кийин эле табылган. Полиция 51 жаштагы шектүүнү издеп жатат.