Санкт-Петербургда кыргызстандык өгөй кызын 6 жылдан бери зордуктап жүргөн деп шектелүүдө

Санкт-Петербургда Кыргыз жараны педофилияга шектелип кармалганын Орусиянын «Оперативное прикрытие» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 16 жаштагы курулуш колледжинин 1-курсунун студенти 27-майда мугалимге апасы менен өгөй атасы ур-токмокко алганын, ал эми 49 жаштагы өгөй атасы акыркы алты жылдан бери сексуалдык зомбулук көрсөтүп келгенин айткан.

Шектүү полиция бөлүмүнө, ал эми жашы жете элек кыз ооруканага жеткирилген. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө. Кыздын апасы менен шектүүнүн расмий никеси жок экени белгилүү болгон. «Үй-бүлөдө дагы үч бала бар, алардын экөө шектүүдөн. Ал киши өзү 20 жылдан бери Санкт-Петербургда жашап, ооруканада ашпозчу болуп иштейт», — деп айтылат маалыматта.