Санкт-Петербургда кыргызстандык өспүрүмдү айдоочу сүзүп кетти

Санкт-Петербургдун Красносельский районунда 16 жаштагы кыргызстандык жол кырсыгынан жабыркады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, Петергоф трассасы менен Партизан Герман көчөсүнүн кесилишинде 25 жаштагы BMW айдоочусу велосипед менен жолдун кесилишинен өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөр өтмөгүндө өспүрүмдү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Кыргыз жараны орточо оордуктагы ар кандай жаракаттары менен ооруканага жаткырылган.