Сары-Челек көлүнө мыйзамсыз балык кармоочу тор салган жаран 92 миң 920 сом айыпка жыгылып, баарын төлөдү

Жалал-Абад облусунун Сары-Челек коругунда мыйзамсыз балык кармоочу тор жайган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

27-июнда министрликтин инспекторлору тарабынан Сары-Челек коругунун аймагында жүргүзүлгөн рейдде балык корлоруна зыян алып келип жаткан 90 метрден ашык синтетикалык балык кармоочу торлор чыгарылып, жок кылынып, мыйзамсыз кармалган балыктар (92 даана) алынды. Жыйынтыгында экологиялык мыйзам бузуучуга 92 миң 920 сом доо коюлуп, айып пулду толугу менен мамлекеттин бюджетине төлөдү.