Саясат таануучу Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агениттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Мындан чечимди сот бүгүн, 30-июнда Марат Казакпаевдин каза болгондугуна байланыштуу чыгарган.
Марат Казакпаев 10-июнда эс-учуна келбей, ооруканада көз жумду. Ал өткөн жылдын апрель айында чыккынчылыкка шектелип кармалган болчу.