Саясатчы Жеңиш Молдокматовго дагы бир кине коюлду

Бүгүн, 8-майда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда саясатчы Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Соттук отурумга өзү алып келинди.

Соттук отурумдун жүрүшүндө ага дагы бир кылмыш иши козголгону маалым болгон.

«Жеңишке дагы бир кылмыш иши боюнча күнөөнү коюп жатышат. Ал 264-берене «массалык баш аламандыктарды уюштуруу». Эгер мурдагы берене менен келгенде, ага далил жок болчу. Ал берене менен бул кайра чыгыр кетет деп, экинчисин да коюп жатышат»,- деди жактоочу.