Сел алып кеткен Арал — Миң-Куш унаа жолу калыбына келтирилип жатат

1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал — Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында (Кызыл-Сөөк тилкесинде) 2014-жылы түшкөн жер көчкү кайрадан активдешип (жалпы болжолдуу көлөмү 15 миң метр куб), Миң-Куш дарыясын жарымын басып калган. Анын натыйжасында суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжолдуу түрдө 35-40 метр аралыгын жеп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Унаалардын өтүүсүнө коопту абал болгонуна байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган. Бүгүн, 3-майда ал жерге дарыянын нугун тазалоо жана унаа жолду калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүүгө ыкчам топ, “Альянс” ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 ХОВО, №24 ЖТИден 1 жүктөгүч, “Бусурманкул Т” ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолдун агызып кеткен бөлүгүнө кум шагылдарды төшөп калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.