Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүргөн Темир айылынын тургундарынын кырсык боюнча комментарийлерин жарыялады.
Алдын ала маалыматка караганда Ысык-Көл району боюнча 497 үй, 3 социалдык мекеме (1 бала бакча, 1 ФАП, 1 китепкана) жабыркаган. Селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 738 адам, 59 атайын техника тартылган. Тазалоо иштери бүгүн, 20-август күнү улантылары маалымдалган.








