Маалыматка караганда, сел ички чарбалык унаа жолду шагылга толтурулуп, 2 көпүрөнү бузуп кеткен. Ошондой эле, 3 гектар эгин талаарын сел суулары каптаган, сай боюнда жайгашкан 47 турак үй кооптуу абалга келип, анын ичинен 6 турак үйдүн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, убактылуу коопсуз тилкеге көчүрүү жагы жергиликтүү бийликке сунушталган.
«Ошондой эле сел жүрүүчү сайга орнотулган 2 даана ички чарбалык көпүрөлөрдү сел агызып кеткен. Бүгүн селдин кесепеттерин жоюу үчүн жерине ӨКМдин 15 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 40 адам, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылды. Селдин кесепетин тактап, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында жүргүзүү максатында акимдин буйругу менен Газ жана Согмент айылдарына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди», — деп айтылат маалыматта.










