Селекцияда кескиленген келин. Депутатка милициядан жооп беришти

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова жыйында Селекцияда кескиленген келиндин окуясын көтөргөн. «Кечээ каргашалуу бир окуя болду. Селекцияда эркек киши жубайынын бетин, кулагын кесип жатпайбы. Милицияга бир нече жолу кайрылса, кайдыгер болгону социалдык тармакка чыкты. Эмнеге азыр өлкөбүздө сөзсүз түрдө интернетке чыгып же резонанс болгондо эле көзөмөлгө алынат. Министрликтин жоопкерчилигин караш керек, мен талап кылам. Сөзсүз түрдө бирөө өлүш керек же бир жаман окуя болгондо гана көзөмөлгө алынышы туура эмес»,деген депутат.

Чүй ОИИБден депутаттын сөздөрүнө комментарий беришти. «Сокулук районунун Селекционное айылында болгон окуяга милициянын реакциясы өз убагында болуп, оор боло турчу кесепеттерге жол бербеди. Кенен маалымат бере турган болсок, окуя боюнча маалымат жабырлануучунун кошунасынан саат 07:00дө түшкөн, жабырлануучунун батиринде шектүү ызы-чуу салып жатканын билдирген.

Сокулук РИИБдин эки милиция кызматкери саат 07:15 те окуя болгон жерге барып, жеринде батирдин ичи кан болуп жатканын көрүшүп, куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүнү кармашкан. Андан соң милиция кызматкерлери Күн-Туу айылдык милиция бөлүмүнө алып барышып, Тез жардам кызматына кабарлашкан. Шектүүнү айылдык бөлүмгө жеткирип, кайра окуя болгон жабырлануучунун батирине келишкен. Ал жерден Тез жардам келе электигин билип, өзүлөрүнүн кызматтык унаасы менен жабырлануучуну ооруканага алып барышкан. Учурда кылмыш жасаган адам Сокулук РИИБдин тергөө органдары тарабынан кармалып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошону менен бирге Жогорку Кеңешинин жыйынында бул окуядан тышкары жабырлануучу мурда дагы милицияга кайрылып, реакциясыз калган деген билдирүүгө төмөнкүдөй жооп беребиз. 2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу 31-август күнү Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Факты боюнча 2022-жылдын 1-сентябрында 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 1984-жылы туулган жаран кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байланыштуу кылмыш иши сотто кыскартылган.

Ошондой эле 2023-жылдын 31-январында келин кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу жабырлануучунун үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген. Сокулук РИИБдин тергөө кызматында аталган факты боюнча 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле 31-январь күнү шектүү кармалып, айыбы угузулуп, камакка алуу чарасы колдонулуп, Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо Сокулук райондук сотто ага карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган, ал өкүмгө наарызы болгон шектүү Чүй облустук сотко даттанган. Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат», — дешти.