«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришип, шектүү кармалганын айтышкан.
Бүгүн, 21-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берип, абалы орточо оордукта экенин ага 8 саат операция жасалганын билдиришти.
«Азаттык» окуя болгон үйгө барып, кошунасы менен сүйлөшүп келишкен. «Тез жардамга чалып, чакырдым. Батиринин баары кан. Кирсем чачы жайылып отуруптур. Мурдун, кулагын кесип алып салыптыр. Бети кесилген. Сөөгү көрүнүп турат. Мыкаачылык менен эрмектеген. Байкуш сүйлөй албайт, бизди көрүп сүйүнүп кетти. Баласын алып түштүм. Анысы нес болуп, кыймылдай албайт. 2 күн мурун келип коркутуп кеткен. Жумушка кетип бара жатып, эшикти ачсам эле баса калды деди. Ажарашам деп жүргөн. Сот ажыраштырган экен. Тиги «жашайбыз» деп коркутуп жүргөн», — деди кошунасы.