Бүгүн, 25-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы «Семенов – Тянь-Шанский» чокусуна чыгып, дайынсыз болгон адамды ӨКМдин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун «Эдельвейс» тоодо куткаруу кошуунунан 8 куткаруучу издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМДен билдиришти.
Эске салсак, 14-июль күнү аталган чокуга чыккан 32 жаштагы чет өлкөнүн жараны дайынсыз болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен. ӨКМге түшкөн билдирүүдөн улам куткаруучулар тоодо куткаруу, издөө иштерин тынымсыз улантышууда.