Кечээ, 21-декабрда соцтармактарга Баткен районунун Айдаркен шаарчасында Тажикстандын жарандары энени «жеткирип коёбуз» деп унаага салып, оозун скотчтоп, кийин аёосуз ур-токмокко алынганы тууралуу маалымат тарады. Соцтармак колдонуучулары маалыматты телефон аркылуу эненин уулу жүктөгөнүн да жазып чыгышты. Уулунун айтымында, эне азыр ооруканада жатат.
Бул окуя тууралуу милиция кызматкерлери комментарий берди. Баткен ОИИБден билдиришкендей, 18-декабрь күнү саат 14:20 чамасында Кадамжай районунун Сур айылынын 7-көчөсүнүн тургуну, 30 жаштагы Кыргыз жараны өзүнүн жеңесин, Сур айылынын тургуну 61 жаштагы аялды Айдаркен шаарындагы соода базарынан «үйүңүзгө жеткирип коём» деп алдап, өзү башкарып жүргөн Деу-Матиз унаасына салган. Кийин Айдаркен-Сох унаа жолунда бара жатып “менин апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып, сен майып кылып койгонсуң!” деп, унаасын токтотуп, аялды ур-токмокко алган.
Бул факты Кадамжай РИИБге катталып, Жазык кодексинин 280-берене (бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган, Сур айылынын 30 жаштагы тургуну кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.












